Биз кардарларыбыз үчүн “Манас” аэропорту – Бишкек – “Манас” аэропорту багытында туруктуу автоэкспедирование кызматын ишке киргиздик. Бир килограммдан баштап жүктөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Температуралык режимди сактоо менен жүктөрдү жеткирүү мүмкүнчүлүгү да бар. Бул чечим Кыргызстан жана ЕАЭС өлкөлөрүнүн жүк ээлери жана транспорттук компанияларына арналган.
Жүктөрдү жеткирүүдөн тышкары, “Фру Эйр” компаниясынын адистери кошумча таңгактоо, маркалоо, кампада жайгаштыруу жана Бишкек аэропортунун жүк терминалынын кызматтары үчүн төлөө иштерин уюштурууга даяр.
Кызмат жөнүндө кошумча маалымат алуу жана заказ берүү үчүн биз менен байланышыңыз.
Сүрөт “Фру Эйр”