Жүктү учак менен жөнөтүү үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу керек:

1. «ФРУ ЭЙР» компаниясынын адисине жүктү учак менен жеткирүү керек экенин кабарлайсыз. Буйрутманы кеңседе жеке өзүңүз, сайттан онлайн, телефон аркылуу (WhatsApp, Viber, Telegram): +996 558 312 222 же электрондук почта cargo@fruair.kg аркылуу калтыра аласыз.

2. Биздин кызматкер жүктүн параметрлерин жана жеткирүү шарттарын тактап, алынган маалыматтардын негизинде авиажеткирүүнүн наркын эсептейт. Андан кийин келишимге жана Экспедиторго тапшырмага кол коюлат же бир жолку жеткирүү үчүн эсеп чыгарылат.

Документтердин үлгүлөрүн «Документтин формалары» бөлүмүнөн жүктөп алсаңыз болот.

3. Сиз жүктү бардык эрежелерге ылайык даярдап өткөрөсүз. «ФРУ ЭЙР» адистери авиациялык жеткирүүнү уюштуруп, бухгалтерия үчүн керектүү документтерди жана жеткирүү аткарылгандыгын тастыктаган документтерди беришет.

Жүктөргө коюлган талаптар тууралуу толук маалыматты «Кызмат көрсөтүүнүн эрежелери» бөлүмүнөн окуй аласыз.


Эгер кошумча маалымат жана жардам керек болсо, биз менен байланышканыңызды суранабыз. Биздин адистер акысыз кеңеш беришип, оптималдуу маршруту тандап беришет.

Связаться с нами

Please enable JavaScript in your browser to complete this form.